ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН СҮЙҮҮГӨ ҮНДӨГӨН СӨЗДӨРҮ
Микдам Ибну Мадикериб (радыйаллаху анх)
мындай баяндайт:
«Расулуллах (алейхиссалату весселам)
буйурду: «Бирөөңөр бир тууганынын ахлагын (Аллах үчүн) сүйсө, муну ага айтсын.» 2
Ата эль-Хорасани баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату
весселам) буйурду: «Бири-бириңер менен кол алышкыла, жүрөктөрдөгү кек кетсин. Белек
беришкиле, бири-бириңерге сүйүү пайда болсун жана араңардагы душмандык
жоголсун.» 3
«Белек беришкиле, бири-бириңерди сүйгүлө, «Бири-бириңерге
тамак тартуулагыла. Бул ырыскыңарды көбөйтөт.» 4
«Аллах Кабатында эң сүйүктүүңөр достук курган жана аны
менен достук курулганыңар. Аллах алдында эң жагымсызыңар болсо куулуп
жүргөндөр, достордун арасын бузгандар.» 5
«Эки бир тууган (эки дос) эки кол сыяктуу, бири экинчисин
жууйт (тазалайт).» 6
«Бири-бириңерден тескери бурулбагыла. Бири-бириңерге
өчөшпөгүлө. Бири-бириңерди кызганбагыла. Бири-бириңер менен достугуңарды
үзбөгүлө. Эй Аллахтын кулдары, бир тууган болгула.» 7
«Силерге
берген нематтары үчүн Аллахты сүйгүлө, мени да Аллах мени сүйгөн үчүн сүйгүлө.»
8
«Аллах үчүн жөнөкөй (бой көтөрбөс)
болгонду Аллах бийик кылат. Бой көтөргөндү Аллах төмөн кылат. Аллахты көп
эстегенди Аллах сүйөт.» 9
Булактар:
2- Kütüb-i Sitte, 10. cilt, s. 135; Ebû Dâvud, Edeb 122, (5124); Tirmizî, Zühd 54, (2393)
3- Muvatta, Hüsnü'l-Hulk 16, (2, 908)
4- Kütüb-i Sitte, cilt 16, s. 239
5- İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 365
6- İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 394
7- Müslim İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 407
8- Tirmizi İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 4, s. 594
9- İbn Mace İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 4, s. 655


Yorumlar
Yorum Gönder