Kayıtlar

КИРИШ СӨЗ

Resim
Сүйүү – бул Аллах адамдарга берген эң чоң немат-жакшылыктардын бири. Ар бир адам өмүр бойу абдан жакшы көргөн, ишенген, өзүнө жакын сезген адамдар менен бирге болууну каалайт. Аллах берген немат-жакшылыктардын көпчүлүгү чыныгы сүйүү жана достукка толгон чөйрөдө чындап маанилүү болот. Мисалы, абдан кооз бир жерди көрүп, андан ырахат алган бир адам ал толкундануусун сүйгөн бир адамы менен бөлүшкүсү келет. Ошол сыяктуу эң сонун жайылган дасторкон же эң кооз, заңкайган үй да жалгыз башына отурган адам үчүн жагымдуу болбошу мүмкүн. Себеби, Аллах адамдын табиятын сүйүүдөн жана сүйүлүүдөн ырахат ала турган, достукту жана боордоштукту жактыра турган абалда жараткан. Куран ахлагын жашаган адамдар менен бирге болуу, алар менен достукту жана сүйүүнү жашоо болсо ыйман келтирген бир адамга көптөгөн нематтардан бир топ жогору ырахат тартуулайт. Ушул себептен Аллах сүйгөн жана ыраазы болгон кулдарына убада кылган бейиш – чыныгы сүйүү, достук жана боордоштук түбөлүккө өкүм сүрө турган, абдан кооз ...

АЛЛАХ СҮЙҮҮСҮ

Resim
Адам ага кичинекей бир даам таттырган же жакшылык кылган бир адамга да мындай сонун мамилеси үчүн ыраазычылыгын ошол замат билдиргиси келет. Мисалы, аны үйүндө конок кылган, дасторкон жайган бирөөгө жүрөгүнөн ыраазычылык сезет; өзгөчө үй ээси абдан ак көңүл болсо жана ал адамдын бардык муктаждыктарын айттырбастан сезип аларды кемчиликсиз канааттандырган болсо... Ушул сыяктуу, оор бир оорусу бар бир адам доктору аны айыктырганда, кантип ыраазычылык билдирээрин билбей калат. Же болбосо, бир адам жолдон өтүп баратканда, аны бир машина коюп кетүүсүнөн сактап калган бир адамга өмүрү үчүн карыз экенин айтат, ал адамга ыраазычылык билдирип, белек берүү үчүн колунан келген бүт нерсени аткарат. Оорулуу жана муктаж абалда болгон бир адам аны караган, анын муктаждыктарын канааттандырган адамга ыраазы болуп, ага абдан жакшы мамиле кылат, аны урматтап, жакшы көрөт, кылган ар бир жакшылыгы үчүн тынымсыз рахмат айтат. Ал адамды эч капа кылгысы келбейт. Ар бир адам ага сюрприздер даярдаган, сулуу...