АЛЛАХ СҮЙҮҮСҮ
Адам ага кичинекей бир даам таттырган же
жакшылык кылган бир адамга да мындай сонун мамилеси үчүн ыраазычылыгын ошол замат
билдиргиси келет. Мисалы, аны үйүндө конок кылган, дасторкон жайган бирөөгө
жүрөгүнөн ыраазычылык сезет; өзгөчө үй ээси абдан ак көңүл болсо жана ал
адамдын бардык муктаждыктарын айттырбастан сезип аларды кемчиликсиз
канааттандырган болсо... Ушул сыяктуу, оор бир оорусу бар бир адам доктору аны
айыктырганда, кантип ыраазычылык билдирээрин билбей калат. Же болбосо, бир адам
жолдон өтүп баратканда, аны бир машина коюп кетүүсүнөн сактап калган бир адамга
өмүрү үчүн карыз экенин айтат, ал адамга ыраазычылык билдирип, белек берүү үчүн
колунан келген бүт нерсени аткарат.
Оорулуу жана муктаж абалда болгон бир
адам аны караган, анын муктаждыктарын канааттандырган адамга ыраазы болуп, ага
абдан жакшы мамиле кылат, аны урматтап, жакшы көрөт, кылган ар бир жакшылыгы
үчүн тынымсыз рахмат айтат. Ал адамды эч капа кылгысы келбейт. Ар бир адам ага
сюрприздер даярдаган, сулуулуктар тартуулаган, жакшылык кылган адамдарды абдан
жакшы көрөт, аларга урмат көрсөтөт жана дайым көңүл бурууга аракет кылат.
Бирок кээ бир адамдар унуткан абдан
маанилүү бир чындык бар: бир адамды сүйүндүргөн, ага маани берген, сонун
ырыскыларды берген, нематтар сунган, ал жактырган табият көрүнүштөрүн жараткан,
ар күнү эрте менен ойгонгондо, ага жашоосун кайрадан тартуулаган, аны
коркунучтардан коргогон, ооруганда ага шыпаа берген, дарыларды себеп кылып
оорусун жана кыйналганын токтоткон, жандуу жана жансыз бүт нерселердин ээси
болгон Аллах. Ошондуктан, адамдар ээ болгон немат-жакшылыктар жана жолуккан
сонун нерселер үчүн сүйүүсүн, урматын, карыздарлык сезимин, бекемдигин жана
ыраазычылыгын Аллахка багытташы зарыл. Бир адамга жардамы үчүн рахмат айтууда
ал адамга бул жардамды илхам кылып, мээримин жеткиргендин Раббибиз экендигин эч
качан унутпашы зарыл. Аллах бир аятта мындайча билдирет:
Чындыгында, асмандардын жана
жердин мүлкү Аллахка тиешелүү, (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Силердин Аллахтан
башка велиңер (досуңар) жана жардамчыңар жок. (Тообо Сүрөсү, 116)
Куранда Аз. Ибрахимдин Аллахка болгон
дубасында Раббибиздин адамдарга болгон бул мээрими мындайча билдирилет:
«Мени жараткан жана мага хидаят (туура жол) берген – Ал
(Аллах); мени тамактандырган жана ичирген – Ал; ооруганда мага шыпаа берген –
Ал; мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал, дин (жаза) күнү
каталарымды кечирээрин үмүт кылганым да – Ал.» (Шуара Сүрөсү, 78-82)
Адамга ал ээ болгон бардык сонун нерселерди тартуулаган – Аллах
Аллах ар бир адамга жок кезинде жан
берип жараткан жана бул дүйнөнү ал үчүн эң сонун жана эң ыңгайлуу абалда пайда
кылган. Мисалы, дүйнөнүн бүт жеринде адамдар кыйналбастан дем ала алышат. Аллах
мээрими менен атмосферадагы газдардын катышын адамдар үчүн эң ыңгайлуу катышта
кылган жана жараткан. Көп адамдар абасыз бир бөлмөдө дем алуунун канчалык оор
экенин билет. Аба азайган сайын адамдын кыйналуусу да күчөйт. Биз кыйналып дем
ала турган бир дүйнөдө да жашап калышыбыз мүмкүн эле. Бирок ичибизге алган аба
Аллахтын мээрими жана каалоосу менен эч качан бизге кыйынчылык бербейт,
тескерисинче бизди жеңилдетет, ырахат тартуулайт.
Аллах жер жүзүнүн бүт жерлеринде ар
кандай жашылча-жемиштер, мөмө-чөмөлөр, дан азыктары жана өсүмдүктөр жараткан.
Эгер Аллах каалаганда, дүйнөдө бир түрдүү гана тамак болмок жана бул тамактын
даамы да бизге эч ырахат тартуулабай турган абалда болушу мүмкүн эле. Жана биз
жашаш үчүн гана бул тамакты жегенге мажбур болмокпуз. Бул тамактан башка жерден
башка бир нерсе өстүрүү мүмкүнчүлүгүбүз болбойт эле. Бирок, Аллах чексиз
мээрими жана боорукердиги менен адамдар үчүн ар түрдүү жашылча, мөмөлөрдү
жараткан. Болгондо да булардын ар биринин даамы бири-биринен өзгөчө жана сонун.
Адам жашаш үчүн тамак жешке мажбур, бирок Аллахтын мээрими менен ошол эле
учурда бардык тамактардын, азыктардын сонун даамынан чоң ырахат алат.
Аллах жараткан жаныбарларда да адамдар
үчүн ар түрдүү сонун нерселер бар. Мисалы, ат, төө, ит сыяктуу үй жандыктары
адамдарга жардамчы болсо, канаттуу, мышык сыяктуу үй жандыктары сүйкүмдүү
өзгөчөлүктөргө ээ. Аллах кичинекей бир тоту кушта да адамдын көңүлүнө абдан
жага турган өзгөчөлүк жаратат. Кичинекей тамагынан адам сыяктуу үн чыгарып
сүйлөй алган, көк, сары, жашыл түстөрдүн ар кандай өңдөрүнүн аралашмасынан
болуп абдан кооз көрүнүшкө ээ болгон жана сүйүлүүнү жактырган бул кичинекей
жандыктар Аллах адамдар үчүн жараткан бир кубаныч жана ырахат булагы.
Биз дем алган абадан баштап жер бетине
жааган жамгырга чейин, топуракта өскөн түшүмдөрдөн жер астындагы кен
байлыктарга, көңүлүбүзгө жаккан жаныбарлардан негизги жашоо булагы болгон сууга
чейинки табияттагы бүт нерселер биздин эч кандай аракетибизсиз бизге келүүдө.
Адам жашоодо калышы жана жашоосун улантышы үчүн ааламда тынымсыз абдан тыкан
процесстер ишке ашып турат, абдан назик тең салмактуулуктар тынымсыз корголуп
турат.
Адамдан башка жандыктар өздөрү ээ болгон
өзгөчөлүктөрүн байкашпайт. Бир коён канчалык сүйкүмдүү экенин сезбестен жашайт.
Көпөлөк канаттарындагы симметрияны, оймолорду жана чеберчиликти аңдап-байкай
албайт. Павлинди ал ээ болгон түстөр, оймолор жана симметрия абдан кооз
көрсөтөт. Бирок ал эмне үчүн бар экенин да биле албаган жана кооздуктарга
суктана ала турган мүмкүнчүлүгү болбогон бир жандык. Куйругундагы түстөр жана
оймолор менен дүйнөнүн эң кооз көрүнүштөрүнүн бирин көрсөткөн бул жандык
адамдардын Аллахка шүгүр келтириши жана Аллахтын жаратуу күчүн көрүп байкай
алышы үчүн жаратылган нематтардын бирөөсү гана.
Аллах бардык бул жандуулардагы сонун
көрүнүштөрдү адамдарга бир немат катары сунууда. Ошондуктан, адамдын
жандуулардагы кооздуктарды, симметрияны жана көркөм түстөрдү көрүп, байкап
Аллахтын кудуретине абдан суктана алышы жана бардык бул кооздуктардын Жаратуучусу
болгон Раббибизге эң сонун негизде шүгүр кылышы зарыл.
Аллах Таала жер бетинде жараткан
кооздуктарды санап бүтүүгө болбойт. Мисалы, бир гүлдүн көрүнүшүндө кемчиликсиз
кооздук бар. Жалбырактары абдан тыкан жана симметриялуу тизилип турат.
Жалбырактардын үстү болсо абдан сапаттуу бир кездеме сыяктуу бархаттай
жумшактыкта. Табияттын эң сонун жана эң жандуу түстөрүнөн пайда болгон. Ылай
жана капкара топуракта өскөнүнө карабастан, түстөрүндө бир кирди же ылайды
көрүүгө болбойт. Жыты болсо дүйнөнүн эң алдыңкы технологиялары колдонулса да
теңдеши табыла албаган өзгөчөлүккө ээ. Сапаттуу бир атырдын да убакыттын өтүшү
менен жыты бузула баштайт, гүл болсо дайыма бирдей аңкыган жыт чачып адамга
ырахат тартуулайт. Бирок гүл да бул өзгөчөлүктөрүн байкабайт. Башка өсүмдүк
жана жаныбарлар да гүлдүн мындай сонундугунан ырахат ала турган болуп
жаратылган эмес. Бардык бул өзгөчөлүктөрү менен гүл адам үчүн чоң бир
немат-жакшылык катары жаратылган.
Жер бетиндеги ар бир кооздук – бул
Раббибиздин бир нематы жана Анын чексиз сулуулугунун бир көрүнүшү. Ошондуктан, абийирдүү
(ак пейилдүү) жана ой жүгүрткөн ар бир адам бардык бул кооздуктардын чыныгы
ээси болгон Аллахка абдан берилүү жана сүйүү менен жакындайт. Аллах бардык
жараткан нерселеринде адамдар үчүн ойлонуп сабак ала турган далилдер бар экенин
билдирүүдө:
Жерде силер үчүн жаратып-көбөйткөн ар кандай
түстөрдөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди). Шексиз мында сабак алып ойлонгон
бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 13)
Бул жерге чейин саналгандар – адамдарга
берилген нематтардын кичинекей бир бөлүгү гана. Мындан тышкары, жашообуздун
уланышы үчүн сансыз нерселердин, процесстердин бирге болушу зарыл. Негизи
жогоруда берилген мисалдардын бирин эле ойлонуу Аллахтын адамдарга мээримин
түшүнө алышыбыз үчүн жетиштүү. Аллахтын берешендиги менен акылга жана
салыштырып пикир, жыйынтык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон адамдар бул
мүмкүнчүлүктөрүн Аллахты таануу жана натыйжада Аны абдан сүйүү үчүн колдонушу
зарыл. Себеби акылын жана абийирин колдонуу менен айланасындагы уланып турган
кемчиликсиз тең салмактуулуктарды аңдап-түшүнө алган адамдар үчүн бүт аалам
Аллахка болгон сүйүүлөрүн көбөйтө турган себептерге толо. Буларды терең
ойлонгон бир адам талап кылынган деңгээлде Аллахтын кудуретин түшүнүп, Аны сүйө
алат.
Аллах Курандын көптөгөн аятында
адамдарга аларга берилген нематтар жөнүндө ойлонууларын билдирген жана бул
нематтардын кээ бирлерин адамдарга эскерткен. Бул аяттардын кээ бирлеринде
мындайча буйурулат:
Ал инсанды бир тамчы суудан жаратты эле, капысынан анык
душман болуп чыга келди. Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп)
пайдалар, жылуулуктар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер. (Малыңар жайлоого)
жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар. (Айбандар)
силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган шаарларга ташып
берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү. Ал силердин минишиңер
үчүн жана кооздук-сулуулук (болгон) аттарды, качырларды жана эшектерди
(жаратты). Жана силер билбеген нерселерди да жаратат... Ал силерге асмандан суу
түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды)
сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү,
зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда
пикир кылган элдер үчүн далилдер бар. Дагы (Аллах) силерге Айды, Күндү жана Түн
менен Күндүздү моюн сундуруп койду. Анын амири менен жылдыздар да силерге моюн
сундурулган. Албетте мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар. Ал силер
үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе
эстеген адамдар үчүн далил бар. Силер андан (балыктардын) бузулбаган эт(ин)
жешиңер үчүн Аллах силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр такчу
тагынчактарды чыгарып аласыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң.
(Аллах) Анын пазилетин үмүт кылып, (нематтарына) шүгүр келтиришиңер үчүн
(ушулардын баарын жаратты). Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер
бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду. Жана (силердин пайдаңар үчүн)
дарыяларды, жолдорду (да жаратты). Туура Жолду табаарсыңар... (Нахл Сүрөсү,
4-15)
Жогорудагы аяттарда саналган нематтар
Раббибиздин адамдарга бул дүйнө жашоосунда бергендеринин аз бир бөлүгү гана. Аллах
бул аяттардын уландысында «Эгер Аллахтын
нематтарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында
Аллах – кечиримдүү, боорукер.» (Нахл Сүрөсү, 18) деп буйурулат. Адамдын бул
жерде саналган нематтарды ойлонушу эле Аллахтын адамдарга болгон чексиз
берешендигин, боорукердик жана мээримин түшүнүшү үчүн жетиштүү. Бизге жан
берген, жашообузду уланткан, бизди күлдүргөн, көңүлүбүзгө жаккан бүт нерсени
жана окуяны Аллах жаратууда. Ошондуктан ар бир адам дайыма Аллахка багытталышы,
ээ болгон бүт нерсеси үчүн Раббибизге шүгүр келтириши, Агы күчтүү бир сүйүү
менен жакындашы зарыл.
Адамды жоктон бар кылган, жана ага жан берген – Аллах
Адам кантип жоктон бар болгонун, кантип
жанга ээ болгонун жана эненин курсагына түшкөндөн бүгүнкү күнгө чейин канчалык
назик корголгонун ойлонгондо, Аллахтын ага болгон мээримин, чексиз боорукердигин
көрөт. Аллах Мерйем Сүрөсүндө адамдарды кандайча жаратылганы жөнүндө ойлонууга
чакырат:
«Адам мурда эч нерсе эмес кезинде чындыгында Биз аны
жараткандыгыбызды (эч) ойлонбойбу?» (Мерйем Сүрөсү, 67)
Аллах ар бир адамды эне курсагында абдан
корголгон, майып болбой турган, кыйналбай турган бир жерге; ага эч зыян жетпей
турган бир абалда жайгаштырат. Дүйнөгө келген ар бир ымыркай үчүн керектүү бүт
нерсе миллиарддаган жыл мурда даярдалган. Дем ала турган абадан баштап муктаж
болгон азыктарын ала турган эне сүтүнө чейин бүт нерсе аны даяр күтүп алат.
Ар бир адамдын денеси өлгөнгө чейин
Аллах жараткан кемчиликсиз система менен корголот. Мисалы, жүрөк адамдын
жашоосу боюнча токтобостон согот, бирок адам бул үчүн эчтеке кылууга муктаж
эмес. Адамга жүрөгүнүн ар бир секунда сайын согушу үчүн ага буйрук берип туруу
кызматы эле жүктөлгөн болгондо, жашоосу абдан оордошмок; уктай албай, тамак жей
албай, мындан башка эч бир жумуш кыла албай турган абалга келмек. Чындыгында
болсо жүрөктөргө Аллах ар бир адамдын жашоосунун алгачкы күнүнөн баштап өлгөнгө
чейин иштөө буйругун берүүдө. Натыйжада жүрөк адамдын жашоосу боюнча бир
заматка да токтобостон, Аллахтын көзөмөлүндө согушун улантууда.
Адам өзүмө тиешелүү деп ойлогон денесине
эч кандай ээ эмес. Адамга бардык клеткаларына чейин ээлик кылган, башкарган
жалгыз Улуу Раббибиз. Чоң ылдамдык менен аккан канды, жүрөк айдаган кандын
көлөмүн, кандын коюулануу процессин, дем алуу, тамак сиңирүү, коргонуу
(иммунитет), нерв системаларын жана бул жерде саналбаган көптөгөн системаларды
адам өз башынча жөнгө салып, башкара албайт.
Адам бүт нерсеси менен Аллахка муктаж.
Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча билдирет:
«Эй адамдар, силер Аллахка муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч
нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоого ылайыктуу).» (Фатыр Сүрөсү, 15)
Эрте менен турганыңызда денеңизде
жашооңуз үчүн керек болгон бүт нерсенин кемчиликсиз иштеп жатканына күбө
болосуз. Эч кыйналбастан дем ала аласыз, көздөрүңүздү ачканда, эч эмгек
жумшабастан жана убакыт өтүшүн күтпөстөн түркүн түстүү бир дүйнөнү көрөсүз.
Үндөрдү дайыма бирдей тактыкта уга
аласыз, оңой гана жыт сезе аласыз, тамак жей аласыз. Жеген тамагыңыздагы
витаминдердин денеңиздин кайсы тарабына бараарын, сансыз микроп жана вирус
менен дененин кантип күрөшүшү зарыл экендигин, бир нерсени көрүү үчүн мээңизде
сүрөттөлүштүн кантип пайда болушу зарыл экендиги сыяктуу көптөгөн процесстер
жөнүндө ойлонууга эч мажбур эмессиз.
Эч кыйналбастан, бир күн, бир жыл, ал
тургай жылдар мурун эмнелер кылганыңызды эстей аласыз, бүт бул нерселерди
эсиңизде сактай аласыз. Эң негизгиси денеңиз ушунчалык назик тең
салмактуулуктар менен иштегенине карабастан, ден-соолуктуу жана күчтүү жүрөсүз.
Себеби, адам дайыма Аллахтын көзөмөлүндө болгон бир системадан көз-каранды.
Мына ушул себептен адам Раббибиздин ага тартуулаган мынчалык кемчиликсиз
системалар жана берген нематтары жөнүндө ойлонушу зарыл. Аллах Куранда адамдын
мындай жогорку деңгээлде жаратылуусун бизге мындайча эске салат:
Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне
алдап койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү
каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)
Байкалгандай, адам жалаң өзүнүн денесине
кароо менен да Аллахка терең жана күчтүү бир сүйүү менен жакындоо үчүн көптөгөн
далил таба алат. Чындыгында болсо нематтар жалаң гана адамдын денесинде эмес,
ааламдагы бардык нерселерде адамдарга сунулган теңдешсиз нематтар бар. Бүт бул
нерселер жалгыз жана чыныгы досубуз болгон Аллах биз үчүн жараткан жана
сактаган укмуштуу немат-жакшылыктар.
Буларды ойлонгон адам аны жараткан, ага
жашоо тартуулаган жана жашаткан Аллахка дайыма муктаж экендигин, Аллах
кааламайынча, бир жолу дем да ала албастыгын көрөт; Аллахтын ал үчүн эң жакын
дос жана вели экенин түшүнөт. Аллах бул чындыкты Анкебут Сүрөсүндө мындайча билдирүүдө:
Силер жерде жана асманда (Аллахты) алсыз кыла албайсыңар.
Силердин Аллахтан башка велиңер (досуңар) жок, жардам берүүчүңөр да жок.
(Анкебут Сүрөсү, 22)
Аллах жараткан бүт нерсе эң сонуну жана эң жакшысы
Чексиз адилеттүү жана мээримдүү Раббибиз
жараткан ар бир окуя, берген ар бир өкүмү адамдар үчүн эң жакшы (кайырлуу) жана
эң сонуну. Жагымсыздай көрүнгөн окуяларда да Аллах жараткан көптөгөн жакшылык,
кооздук жана хикмат (сырлар) бар. Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча
билдирет:
«...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал
силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө
жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер.» (Бакара Сүрөсү, 216)
«...Биз ага жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр кылуучу болот
же каапыр (болот). (Инсан Сүрөсү, 3)
Бул чындыкты билүү менен жашаган
момундар жолуккан ар бир окуядан, уккан ар бир сөздөн ыраазы болушат, дайыма
Аллахка багытталып, жараткан нерселери үчүн Ага шүгүр кылышат, Аллахтын алар
үчүн эң жакшысын жаратканын билүү менен Аллахты сүйүү жана мактоо менен зикир
кылышат (эстешет).
Аллах адамдарга оордук жүктөбөйт, алардан жеңилин каалайт

Чексиз мээримдүү жана боорукер Раббибиз
китептери жана элчилери аркылуу адамдарды эң сонун жашоого жана эң оңой жолго
чакырган. Аллах бизди чакырган дин ахлагы абдан оңой; ибадаттар ар бир адам күч
жеткире ала турган деңгээлде. Аллах күчү жетпегендерге бир топ жеңилдиктерди
билдирип, аларга Раббибиздин ыраазычылыгына жете ала турган жолдорду көрсөткөн.
Аллах дининин жеңил экендигин аяттарында мындайча билдирет:
«Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.» (Аьлаа
Сүрөсү, 8)
«...Ал силерди тандап алды жана динде силерге кыйынчылык
жүктөгөн эмес, атаңар Ибрахимдин дининдеги сыяктуу...» (Хаж Сүрөсү, 78)
«Биз сага Куранды кыйналышың үчүн түшүрбөдүк. (Аллахтан)
корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк. (Таха Сүрөсү, 2-3)
Аллах башка бир аятында болсо адамга
күчү жеткенден ашыкча жүк жүктөбөшүн мындайча билдирет:
Аллах эч бир жанды алы-кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт.
(Ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен). «Раббибиз, эгер
унутсак же ката кетирсек, бизди жазалаба. Раббибиз, бизге бизден мурункуларга
жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө. Раббибиз, биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген
нерселерди жүктөбө. Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл.
Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер. (Бакара
Сүрөсү, 286)
Аллахтын адамдар үчүн жараткан
жеңилдиктери – бул Анын мээриминин, кечиримдүүлүгүнүн, боорукердигинин бир
көрүнүшү. Аллах кулдарын оңой бир дин менен милдеттендирген жана дүйнөдөгү
мындай жеңил сыноонун натыйжасында теңдешсиз кооздуктагы, адам кыялдана да
албаган деңгээлде кемчиликсиз нематтарга толгон, түбөлүк бейиш жашоосу менен
сүйүнчүлөйт:
Раббиси аларды Өзүнүн ырайымы, ыраазычылыгы жана түгөнгүс
нематтар болгон Бейиштер менен сүйүнтөт. Алар анда түбөлүк калышат. Чынында
Аллахтын алдында чоң сооптор бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)
Аллах эч нерсеге муктаж эмес, ар кандай
кемчиликтен аруу, таза. Адамдардын болсо Аллахка ибадат кылуу жана сонун
адеп-ахлакта болуу муктаждыгы бар. Дүйнөнүн эң залим, эң ишенбеген кишиси да
Аллахка эч кандай зыян жеткире албайт. Аллах – жандуу жана жансыз бүт
нерселердин жалгыз өкүмдары жана жалгыз ээси. Ошого карабастан, Аллах адамдарга
сонун ахлак көрсөтүшкөндө, аларды сыйлаарын билдирүүдө. Бул – Аллахтын жогорку
кечиримдүү жана мээримдүү экендигинин далилдеринин бири.
Аллахтын адамдарды караңгылыктан нурга
чыгарган акыйкат китептер түшүрүшү жана аларды туура жолго чакырган элчилер
жөнөтүшү да Раббибиздин мээриминин көрүнүштөрүнөн. Аллах акыйкат китеп Куранды
адамдарга туура менен туура эмести билдирген бир нур кылган, ал аркылуу
адамдарга бүт нерсени түшүндүргөн. Раббибиз адамдарды милдеттендирген ар кандай
ибадат, ишеним жана иш-аракеттер калыбын апачык аяттары аркылуу бизге
билдирген.
Ант болсун, Биз ыймандуу коомго Туура Жол, Ырайым болсун
деп аларга Өзүбүз анык баяндаган Китепти алып келдик. (Ал Китеп Аллахтан болгон
анык) илимдин үстүндө. (Араф Сүрөсү, 52)
Аллах Куранды коргогон, жалгыз бир тамгасынын
да бузулушуна уруксат берген эмес. Аллах бул чындыкты аяттарында мындайча
билдирет:
Эч шексиз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана Аны Өзүбүз
сактайбыз. (Хижр Сүрөсү, 9)
Анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал
(Куран) Даанышман, Макталган (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн. (Фуссилат Сүрөсү,
42)
Кыяматка чейин корголо турган жана
жарактуу болгон, кемчиликсиз бир жол көрсөтүүчүгө ээ болуу адамдар үчүн чоң бир
немат жана жеңилдик. Аллах Курандын момундар үчүн маанисин бир аятында мындайча
билдирет:
... Биз сага Китепти ар бир нерсеге Баяндама, Туура Жол,
Ырайым жана Мусулмандарга Жакшы Кабар катары түшүрдүк. (Нахл Сүрөсү, 89)
Ошондой эле, Аллах тарых бойу адамдарга
элчилерин да жөнөткөн. Аллах тандаган элчилер – абдан ишенимдүү, такыба (Аллахтан
корккон), адилеттүү, сонун ахлактуу жана абдан жакшы кишилер. Бул элчилер жалаң
гана Аллахтын ыраазычылыгын максат кылышкан жана өлүмгө да тике карап,
адамдарды туура жолго чакыруу үчүн жашоолору боюнча күрөшүшкөн. Аллахтын
элчилеринин дагы бир өзгөчөлүгү алар абдан мээримдүү, момундарга боорукер
болушкан, аларды коргогон, бүт нерсени байкап турган адамдар болушкан. Аллах
тарых боюнча тандаган бүт элчилердин мынчалык сонун өзгөчөлүктөргө ээ болушу –
Раббибиздин момундарга бир мээрими.
Аллахтын адамдарга бүт нерсени апачык
билдириши, акыйкат китептер жана ишенимдүү элчилер менен аларды оңой бир жолго
чакырышы Аллахтын адамдарга болгон боорукердигинин жана коргоочулугунун бир
көрсөткүчү. Аллах тарых бойу адамдарга жеңилдиктер берип, каалоолорун аларга эң
сонун ортомчулар аркылуу билдирген, чакырыгын ээрчигендердин велиси (досу) жана
коргоочусу болоорун убада кылган жана ушулар менен бирге аларга чексиз
кооздуктагы бейишин сүйүнчүлөгөн. Рахман жана Рахим болгон Аллах - дүйнөдө да,
акыретте да адамдарга мээримдүүлүк кылуучу, аларды коргоочу, немат-жакшылыктар
берүүчү чексиз боорукердик ээси. Ой жүгүрткөн, акыл жана абийирге ээ ар бир
адам ага берилген бардык бул немат-жакшылыктар үчүн Аллахка эң сонун жол менен
шүгүр келтирет жана Раббибизге чын жүрөктөн сүйүү жана баш ийүүчүлүк менен
жакындайт.
Аллах күнөөлөрүнө бушайман болгондордун тооболорун кабыл кылат, аларды кечирет
Аллах чексиз кечиримдүү. Курандын бир
аятында Раббибиз бул чындыкты бизге «Эгер Аллах (бул дүйнөдө) адамдарга
каапырчылыгына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак
эмес. Бирок Аллах аларды(н азапталуусун) белгилүү убакытка (кыяматка) чейин
кечиктирүүдө...» (Нахл Сүрөсү, 61) сөздөрү менен билдирүүдө.
Аллах азыр сиз бул китепти окуп
жатканда, сизге да, бүт адамдарга да бир мөөнөт берүүдө. Чындап ыйман
келтиргендер үчүн бул абдан жакшы, сооптуу бир мөөнөт. Аллахтан коркуп күнөөдөн
сактанган ар бир адам эң кичинекейинен эң чоңуна чейинки ар бир күнөөсү үчүн Аллахка тообо келтирип, Анын
кечиришин сурай алат, күнөөлөрүн жоюуну үмүт кыла алат. Адам чын жүрөктөн тообо
кылган болсо, Аллах ар кандай күнөөнү кечирүүчү. Аллахтын чексиз кечиримдүү
экендиги Куранда мындайча билдирилген:
«Эгер силерге Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо
жана Аллах тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман болбогондо (эмне кылаар
элеңер)?» (Нур Сүрөсү, 10)
Аллах чексиз кечиримдүү болгондуктан,
адам үчүн дайыма бир кутулуу үмүтү бар. Тооболорду кабыл кылган, берешендик
жана мээрим ээси Раббибиз адамдарга болгон мээрими себебинен аларга жашоолору
боюнча кутулуу мүмкүнчүлүгүн берген, аларга тооболорду кабыл алуучу экендигин
билдирген. Аллахтын бардык мындай нээматтарына жана мээримине карабастан,
Аллахты унуткандар, Ага муктаж экендиктерин байкабастан жашагандар – чындап
капылетке кабылышкандар. Дүйнө жашоосунда Раббибиздин мээримин, сүйүүсүн жана
нематтарын керектүү деңгээлде түшүнүп кадырына жетпеши мындай адамдардын
акыретте тозок азабына кабылышына себеп болот.
Аллах – Анын жолунда жүргөндөрдүн коргоочусу жана жардамчысы
Аллахка чын көңүлдөн багытталган, Анын
жолунда болгон ар бир адам Раббибиздин ага болгон коргоосуна, ысык жана жакын мамилесине
дайыма күбө болот. Аллах чын жүрөктөн жасалган, арамдан сактанган жана адалга
ылайыктуу болгон ар бир иште момундардын жолун ачат; аларга жеңилдик берет. Аллах
Курандын көптөгөн аяттарында момундарга сөзсүз жардам берээрин, аларды
коргоорун жана дайыма жогорку даражага алып келээрин убада кылууда. Аллах бул
аяттардын биринде мындай буйурат:
... Ыймандууларга жардам берүү Бизге ак (акыйкат) милдет
болгон. (Рум Сүрөсү, 47)
Аллах дайыма жардамы менен кубаттаган
момундардын эң сонун өрнөктөрдүн бири – бул Аз. Мусанын жашоосу. Аз. Муса
жашаган шаарынан качкандан кийин Аллахка «Раббим,
чындыгында мага бере турган ар кандай жакшылыгыңа муктажмын» (Касас Сүрөсү,
24) деп дуба кылган. Аллах анын дубасын
кабыл кылып, аны бир коомго жолуктурган. Натыйжада Аз. Муса ишенимдүү
адамдардын жанында жашоо жана иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Аллах Аз. Мусага пайгамбарлык бергенден
кийин Аз. Мусанын суранычы менен ага бир тууганы Аз. Харунду кошуп берип
кубаттаган. Фараон жана анын аскерлери Аз. Муса жана Аз. Харундун артынан
түшкөндө да Аллах аларга жардам берген. Аллах деңизди экиге бөлүп, Аз. Муса
жана анын жанындагылар өтө ала турган бир жол ачкан, ал эми Фараон менен анын аскерлерин
сууга чөктүргөн. Аллах Аз. Муса жана Аз. Харунга болгон жардамын Саффат
Сүрөсүндө мындайча билдирет:
Ант болсун, Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.
Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык. Жана аларга жардам
бердик, натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту. (Саффат Сүрөсү, 114-116)
Аллах Аз. Нухка да жардам берген,
коомуна келе турган бир суу баскындан аны жана жанындагы ыйман келтиргендерди
коргоо үчүн Аз. Нухка бир кеме жасоосун вахий кылган. Аллах Аз. Исаны болсо
крестке асылып өлтүрүлөөр абалында турганда, аны Өз Кабатына алып коргогон.
Аллах Аз. Йусуфту зындандан куткарып, ага кызмат жана бийлик ордун насип
кылган. Раббибиз Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммедге да дайыма жардам берип, анын
жүгүн жеңилдеткен. Аллах Куран аяттары менен Пайгамбарыбыз (сав)дын велиси,
коргоочусу жана жардамчысы экендигин сүйүнчүлөө менен момундардын жүрөктөрүнө
бейпилдик жана ишеним сезимин берген.
Аллахтын ыйман келтиргендерге болгон жардамын сүйүнчүлөгөн
аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Айткын:
«Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай
алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа, (аны тосо турган) ким? Алар
өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат. (Ахзаб Сүрөсү, 17)
Ант
болсун, (пайгамбар кылып) жиберилген пенделерибиз үчүн (мындай) сөзүбүз
жазылган: «Чынында алар гана жардам берилген адамдар. Жана чынында Биздин
аскерибиз гана жеңүүчүлөр». (Саффат Сүрөсү, 171-173)
Оо, ыйман
келтирген адамдар, эгер Аллахка (Аллахтын дини Исламга жана Мусулмандарга)
жардам берсеңер, Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.
(Мухаммед Сүрөсү, 7)
Адам дайыма Аллахка муктаж. Эч бир
адамдын Аллахтан башка бир жардамчысы жок. Кандайдыр бир кыйынчылыкка
кабылганда, ага жардам бере турган бир гана Аллах. Аллах адамдарга мээрим
катары дүйнө жашоосунда алар жолуга турган кыйынчылыктардан чыга алышы үчүн
көптөгөн нематтар жараткан. Адам бул нематтардан пайдаланууда буларды өз
алдынча бир күчкө ээ нерселер катары ойлошу чоң жаңылыштык болот. Себеби
чындыгында булардын баарын жараткан Аллах жана алардын баары Аллахтын каалоосу
менен адамдар үчүн бир нематка жана мээримге айланат. Мисалы, чалдыккан оорусу
үчүн доктордон жардам сураган бир адамга чындыгында жардам бере турган бир гана
Аллах. Доктор болсо Аллахтын каалоосу менен гана адамга шыпаа бере алат. Ошол
сыяктуу укугун коргоо үчүн өзүнө бир адвокат жалдаган адамдын чыныгы векили
(таянаары) бир гана Аллах. Адвокат Аллахтын каалоосу менен гана бир адамдын
укугун коргой алат же анын адилеттүүлүккө жетишине себеп боло алат. Чындыгында
болсо окуяларды эң сонун натыйжаландырган жана адамга нематын жеткирген бир
гана Аллах.
Ар бир ишинде дайыма Аллахка
багытталган, жалаң гана Раббибизге таянган бир адамдын жалгыз досу жана
жардамчысы Аллах. Аллах момундарга каалаган жолдор аркылуу жардамын жеткирет.
Бул чындыктарды билген бир адам эч качан адамдардан же башка күчтөрдөн бир
нерсе үмүт кылбайт. Бүт жардамдын Аллахтан келээрин билет, бүт нерсени Аллахтан
сурайт. Бир ийгиликке жеткенде, жеңишке жеткенде, бир пайда тапканда, ошол
замат Аллахка кайрылып шүгүр кылат, жардамы үчүн Аллахка ыраазычылык сезет. Жашоосу
боюнча Аллахтын жардамын жана колдоосун көргөндүктөн жана бүт окуяларды Аллах
жаратаарын билгендиктен, түпкүрүндө Раббибизге ыраазычылык сезет жана Ага чын
жүрөктөн жана күчтүү бир сүйүү менен жакындайт. Аллах адамдардын чыныгы досунун
жана жардамчысынын бир гана Өзү экендигин Куранда мындайча эскертет:
... Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбейсиңби?
Асмандар жана жер өкүмдарлыгы (жалгыз) Аллахка таандык экенин жана силерге
Аллахтан башка эч бир кожоюн, эч бир жардамчы жок экенин билбейсиңби? (Бакара
Сүрөсү, 106-107)
Аллах дубаларга жооп берүүчү
Адамдын өзүнө тиешелүү өз алдынча эч
кандай күчү жок. Жашоосунун ар бир көз ирмеминде, жолуккан ар бир окуяда
Аллахтын күчүнө, ага мээрим көрсөтүп, берешендик кылышына жана нематын
беришине, коргоп кубатташына муктаж. Чексиз мээримдүү Раббибиз адамдарга бүт
дубаларына жана ар бир кайрылууларына жооп берээрин билдирүү менен аларга жардамын
сүйүнчүлөгөн:
Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын)
Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп
беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп
калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)
Силердин Раббиңер: «Мага дуба
кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан
текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. (Момун
Сүрөсү, 60)
Жер бетиндеги бүт нерсенин жалгыз
өкүмдары жана ар бир адамдын, ар бир жандыктын, заттык, руханий бүт нерсенин
жалгыз ээси болгон Аллахтын адамдардын ар бир каалоосун угушу, акылынан өткөн
бүт нерсени билиши жана дубаларына жооп бериши – адам үчүн абдан чоң бир немат
жана мээримдүүлүк.
Адам Аллахтын ыраазычылыгына, адал жана
арам чегине ылайык, эч кандай чектөө болбостон Раббибизден бүт нерсени сурай
алат. Аллах Куранда көптөгөн пайгамбардын дубасына орун берген жана Өзүнүн бул
дубаларга кандайча жооп бергендигин билдирген:
Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады.
Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. Кийин Биз анын
дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат
ирээтинде жана (сабырдуу) ибадатчыларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн
кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 83-84)
Зуннунду (Йунусту) да эстегин. Бир кезде ал ачууланып,
(элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде
калтырбайт деп ойлогон. Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка илах жок.
(Оо, Раббим,) Сен Аруу-Таза Кудайсың. Мен заалымдардан болуп калдым.» деп
жалбарды. Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз момун
адамдарды мына ушинтип куткарабыз. (Анбия Сүрөсү, 87-88)
Жана Закарияны эсте: ал Раббисине: «Оо, Раббим. Мени жалгыз
(туяксыз) калтырба, Өзүң мурас алуучулардын эң жакшышысың.» деп дуба кылганда,
Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана туубас аялын да
айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү
пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып, (жамандыктардан) коркуп, дуба
кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон. (Анбия Сүрөсү, 89-90)
Ант болсун, Нух Бизге дуба кылды, Биз эң жакшы жооп
бердик. Аны жана үй-бүлөсүн чоң балээден куткардык. Жана анын урпактарын гана
(аман) калуучулардан кылдык. (Саффат Сүрөсү, 75-77)
Аллах Немл Сүрөсүндө жалаң гана
пайгамбарлардын эмес, кыйынчылык жана муктаждыкта болгон бүт адамдардын
дубасына жооп берээрин билдирген:
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни
ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орун басар кылат? (Аллахпы)
же Аллах менен (силер ага шерик кылган) башка «кудайбы»? Канчалык аз
ойлоносуңар. (Намл Сүрөсү, 62)
Бир адамдын Аллахтан сураган нерсесинин
ишке ашканын көрүшү ал үчүн чоң бир кубанычка себеп болот. Аллахтын дайыма анын
жанында экенин, аны көрүп, угуп тургандыгын, ар бир ойунан кабардар экендигин
билүү, ак пейилдүү болсо Аллах ар бир ишинде ага жардам берээрин, ар бир
каалоосун кабыл кылаарын үмүт кылуу бир момундун Аллахка болгон сүйүүсүн, баш
ийүүчүлүгүн жана чын көңүлдөн жакындашын күчөтөт.
Аллах чексиз адилеттүүлүк ээси

Аллах болсо чексиз адилеттүүлүк ээси.
Аллах ар бир өкүмүн адилеттүүлүк менен берет. Бүт адамдар тарых бойу Аллах
Кабатында татыктуу болгон сыйлык же жазасын алышкан жана мындан кийин да
кемчиликсиз алышат. Ар бир адам Аллах Кабатында кылган иштеринин толук сыйлык
же жазасын алат. Аллах акырет күнүндө адилетинин кандай кемчиликсиз көрүлөөрүн
аяттарында мындайча билдирет:
Биз бардык инсандарды имамдары менен (суракка) чакырган
(Кыямат) Күндө кимдин (амал китеби) оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин
(сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт. (Исра
Сүрөсү, 71)
Айт: «Раббибиз (кыямат күнү) бизди бир жерге чогултуп,
анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал – (чыныгы өкүмүн берүү менен чындык
менен батылдын арасын) ачуучу, (бүт нерсени толугу менен) билүүчү. (Саба
Сүрөсү, 26)
Аллахтын адилеттүүлүгүнө бекем ишенимде
болуу болсо адамдын Аллахка чексиз бир сүйүү жана ишеним менен баш ийишине
себепчи болот. Мындай адам кандай окуяга кабылбасын Аллахтын адилеттүүлүгүнүн
дайыма ишке ашканына ишеними бек болот, Раббибиз ал үчүн жараткан ар бир окуяны
кубануу менен тосуп алат.














Yorumlar
Yorum Gönder